Поиск работы №1 в Бишкеке и Кыргызстане RU | KG
Вакансии Резюме Удалённая работа
Добавить резюме

Чтобы не потерять эту вакансию добавьте ее в избранное

Адрес работы: г.Ош, ул. А. Шакирова 108/а

Менеджер по персоналу

Работодатель: Барбол (2 вакансии)

Шакирова 108 А

Похожие вакансии

“Барбол” кондитердик компаниясы HR менеджер (персонал боюнча менеджер) позициясына жумушка кабыл алуу үчүн сынак жарыялайт.

Требования:

Кандидатка коюлган талаптар:
• Коммуникабелдүү жана позитивдүү,
• лидерлик сапатка ээ болгон, стресстик абалга туруштук бере алган;
• Уюштуруу иштерине жөндөмдүү жана баамчыл;

Обязанности:

Кызматтык милдеттери:

• Персонал менеджери жалпы кызматкерлерибиз менен дайыма тыгыз байланышта болуп, алардын продуктивдүү иштөөсү үчүн шарт түзөт. Кызматкерлерди жумушка кабыл алуу программасын түзүп, түзүлгөн программанын негизинде компетенттүү кызматкерлерди тандап, аларды жумушка кириштире алат. КРнын Эмгек Кодексин билет жана кодекске шайкеш келген кадрдык документтерди түзө алат. Апталык пландарды туура приоритетке коюп, натыйжага басым жасай алат. Кызматкерлердин ортосунда көйгөйлөрдү жөнгө сала алат. Ар кандай маселеде тез жана ыкчам чечим чыгара алат.
Ар бир жетекчинин ишмердүүлүгүн туура инспекция кыла алат, жана ошол эле учурда алардын өндүрүмдүүлүгүн арттыруу үчүн кызматкерлер арасында жарыш жана башка иш чараларды уюштурат. Дайыма билим алууга умтулат жана алган билимдерин жумушта колдоно алат. Компаниябыздын продукцияларынын артыкчылыктарын жана баалуулуктарын таанытуу үчүн ар бир кандидатка киришүү, тааныштыруу иштерин жогорку деңгээлде жеткире алат. Компьютерде мыкты иштей алат. Компаниянын негизги регламенттерин ишке ашыруусун уюштурат. Менеджерлердин статистикаларын өсүүчү таризде жүргүзүлүүсүн уюштурат. Иште ар түрдүү көйгөйлөрдү баамдап, алардын чечүү жолдорун табат.Бул милдеттердин бардыгы көп эмгекти талап кылат. Ошондуктан жумуш убактысында бир мүнөт да бош убактыңыз болбойт.

Условия работы:

Жумуш шарттары:
Расмий жумушка орношуу. Компаниянын ашканасында акысыз түшкү тамактануу. Иштөө убактысы 8: 00дөн 18: 00гө чейин дүйшөмбү-жума. Ишемби 14: 00гө чейин кыска күн. Ишемби күндөрү саат 9: 00дөн 11: 00гө чейин компаниянын эсебинен окуу менен квалификацияңызды жогорулатып, экзамен тапшырып турасыз.
Эгерде сиз бул жарыяны жакшылап окуп чыгып, биз менен иштешүүнү кааласаңыз, анда "Мен Барболдо иштегим келет жана анкетаны толтурууга даярмын" деп, hr.barbol@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүңүз.
в избранное
Ищу работу
Ищу персонал
    Регистрация соискателя

    Нажимая на кнопку «Регистрация» вы принимаете условия пользовательского соглашения, представленного по этой ссылке.